Дүйшеев Карыбек Арстанбекович Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин дагы бир жарлыгы менен Жогорку Соттун төрайымы Бакирова Нургүл Жакыповна ээлеген кызматынан өз каалоосу менен мөөнөтүнөн мурда бошотулду.