Депутаттар бүгүн парламенттин жаңы вице-спикерин шайламакчы болушкан. Бул кызматка эл өкүлдөрү Улукбек Садиков менен Экмат Байбакпаев талапкерлигин койгон. Бирок депутаттар вице-спикерди шайлоо жол-жобосун талкуулап, маселени күн тартибинен алып салышты.
«Залда болгону 40 депутат отурат. Жок дегенде 61 добуш керек. Эгер ишеним кат аркылуу добуш бере албасак, анда эч ким өтпөйт. Кийинкиге калтыралы”, — деди Айбек Осмонов. Аны башка кесиптештери колдоп, маселе күн тартибинен алып салынды.