Президент айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизди

Президент Садыр Жапаров айрым мыйзам актыларына (Билим берүү жөнүндө, Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 10-февралда кабыл алынган.

Анда «мыйзамдын негизги максаты мектепке чейинки жана мектептеги билим берүү мекемелеринде инклюзивдик билим берүүнү киргизүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын билим алуусуна шарт түзүү, ошондой эле билим берүү жаатындагы айрым ченемдерди тактоо болуп эсептелет» деп айтылат.