Президент Садыр Жапаров автоунааларды милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүнү киргизүүгө каршы. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жазды.
Бул демилгени мамлекет башчысы төмөнкү жүйөөлөрдүн негизинде колдобойт:
«Учурда өлкөдөгү эски унаалардын саны азайган. Такси кызматын көрсөткөндөр автоунааларынын техникалык абалы жакшы болушуна биринчи кезекте өздөрү кызыкдар. Эң башкысы, милдеттүү түрдө техникалык кароону киргизүү бул функцияны өзүнө алган органда коррупциялык тобокелдиктерге жол ачышы ыктымалдыгы жогору. Жогорудагыларды эске алуу менен президент Садыр Жапаров техкароону кайра киргизүүнү караган мыйзам долбоорун коомдук талкуудан алып коюу сунушун берди», — деп жазылат билдирүүдө.