Президенттин учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду. Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана Италиянын мамлекеттик желектери илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилди.
Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында «Борбор Азия-Италия» биринчи саммитине катышат.