Шаршемби, 11.02.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Садыр Жапаров гимн боюнча Адахан Мадумаровдун айткандарына жооп берди

09:46 30.10.2024
0
Садыр Жапаров гимн боюнча Адахан Мадумаровдун айткандарына жооп берди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маек берип, гимнди өзгөртүүгө байланышкан суроого жооп берди.

«Адаханга көңүл бурбай эле койгула. Ал бүгүн өзүнүн айтканына эртең каршы чыга берет. Учурдагы кырдаалга карата пикирин жана позициясын өзгөртүп кете берген адамдарды мамлекетчил адам деп айтууга болбойт. Андай адамдар өзүмчүл болушат. Мен эле болушум керек, менден башка эч ким эмес дешет.

Бир мисал келтирейин. 2009-жылы мен Комиссар болуп иштеп турганымда «Транспаренси интернешнл» эл аралык уюмунун жетекчисин ээрчитип алып Адахандын кабыл алуусуна баргам. Анда ал мамлекеттик катчы болуп турган. «Өлкөнүн эң башкы идеологу» эле да. Алар чыгып кеткенден кийин Адахан мени алып калып столунун үстүндө жаткан кагаздарды алып мага көргөздү. Кагазда жаңы туу, жаңы гимн, жаны герб тартылган экен. Туунун өңү көк экен. Мына ушуларды алмаштыруу боюнча маселе көтөрүп жатам. Илгери биздин туубуз көк болгон. Манас атабызда да көк асаба деп айтылат. Ал эми бул гербдеги бүркүттү карасаң. Балтыры тооктун санындай болуп турат. Бүркүт дегендин балтыры жоон болуш керек деген.

Мен «Ии ооба, туура айтасыз, өзгөртсөк туура эле болот экен. Желек да жарашыктуу болуптур. Сиз кыйын адамсыз ушунун баарын байкаган» деп мактап коюп кете бергем. Анысын унутуп калса керек? Анысын коёлу кечээ жакында эле «Курултайсыз өнүгө албайбыз, Курултай бизге аба менен суудай керек» деп сүйлөп жүргөн сөзүн бүгүн унутуп калып Курултайга каршы чыгып жүрбөйбү.

Эми гимнди эртең эле өзгөртө коёлу деген маселе жок. Гимнди чыгармачыл адамдар, композиторлор, акындар жазып, элге салыш керек. Көпчүлүк эл колдогон гимнди кабыл алсак жаман болбойт. Гимнди окуучулардан баштап ак сакал ата-апаларыбызга чейин ырдап турса кандай сонун. Керек болсо той-концерттерде ырдалып турса эмнеси жаман. Гимндин мазмуну мамлекетибизди даңазалоо, жарандарыбызды мекенчилдикке, биримдикке, ынтымакка чакыруу, мамлекетибизди түбөлүккө сактап калалы деген ураандар болуш керек. Өмүр бою эле азаттыкка чыктык деп жүрө беребизби?

Кытайдын архивдеринде биздин 5 миң жылдык тарыхыбыз бар экенин далилдеп турат. Азыр биздин тарыхчылар архивдерин казып, материалдарды алып кыргызчага которуп жатышат. Биз эмне үчүн орто кылымдарда мамлекеттүүлүгүбүздү жоготуп алганбыз? Жалаң ушундай бирин бири көрө албастык кылган, бут тоскон, ичи тар, бузуку адамдардын кесепетинен бир кездерде мамлекетибизди жоготуп алганбыз.

Эми мына кайрадан мамлекетибизди түптөп, бекемдеп алгандан кийин андай пастыка барып, кайрадан мамлекетибизди жоготуп албашыбыз керек. Чыныгы мамлекетчил адам болсоң бир сөздө, бир позицияда «каккан казыктай» турушуң керек. Бүгүн бирди сүйлөп, эртең башканы сүйлөгөн бул эркек адамдын иши эмес»,- деди ал.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

Автор Алтынай Тынышова
09:35 11.02.2026
0

Камчыбек Ташиев УКМКнын төрагалыгы кызматынан алынгандан кийинки билдирүүсү жарыяланды. “Урматтуу эл-журт! Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби...

Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

Автор Алтынай Тынышова
19:02 10.02.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Садыр Жапаровдун Камчыбек Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди. "Президент Садыр Нургожоевич “Коомчулукта, анын...

Камчыбек Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин билгени айтылды

Камчыбек Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин билгени айтылды

Автор Алтынай Тынышова
18:49 10.02.2026
0

УКМКнын мурдагы төрөгасы кызматтан алынганын өлкө башчысынын жарлыгы чыккандан кийин билген. Бул тууралуу "Регион" телеканалынын башкы директору Өткүрбек Рахманов "Би-Би-Сиге"...

УКМКнын төрагасынын 3 орун басары ээлеген кызматынан бошотулду

УКМКнын төрагасынын 3 орун басары ээлеген кызматынан бошотулду

Автор Алтынай Тынышова
18:45 10.02.2026
0

Даниэль Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары - УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду. Элизар Сманов УКМК төрагасынын...

Төрага Нурланбек Тургунбек уулунун кызмат ордуна байланыштуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт

Төрага Нурланбек Тургунбек уулунун кызмат ордуна байланыштуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт

Автор Алтынай Тынышова
18:38 10.02.2026
0

Төрага Нурланбек Тургунбек уулунун кызмат ордуна байланыштуу тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт.  Аталган маселе Жогорку Кеңеште каралган жок. Учурда...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Камчыбек Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин билгени айтылды

Камчыбек Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин билгени айтылды

18:49 10.02.2026
Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин отставкасы боюнча үн катты

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин отставкасы боюнча үн катты

18:35 10.02.2026
Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

19:02 10.02.2026
Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

Камчыбек Ташиевдин кайрылуусу жарыяланды

09:35 11.02.2026
Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

Президенттин басма сөз катчысы Жапаровдун Ташиев тууралуу билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди

19:02 10.02.2026
Камчыбек Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин билгени айтылды

Камчыбек Ташиев кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин билгени айтылды

18:49 10.02.2026

АРХИВ

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
« Янв    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү