Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде жолдордун сапатсыз курулушу боюнча комментарий берди.
«Жолдордун акыбалы боюнча Транспорт министрлигинин дарегине карата нааразы болгон пикирлерди көрүп жатам. Анын ичинде Бишкектин көчөлөрүндөгү жолдордун начардыгы да айтылууда. Анан министрлик салган жолдордун сапаты начар болуп, тез эле жарактан чыга баштаганына көңүл бургандар болууда. Бул дагы туура. Бирок бул жерде коомчулукка түшүндүрө кете турган жагдайлар да бар.
Мисалы 30 жыл бою жол жасоо багытында Транспорт министрлиги кандай иштеп келген? Алар мисалы 100 чакырым жолго асфальт төшөш керек болсо менчик компанияларды чакырып туруп аткарыла турган иштердин баасын бычып, ошол акчанын 10 пайызын бизге бересиң деп менчик компанияларга берип коюшчу. Албетте, 10 пайыз акчаны бизге дегенде министрликке эмес, жеке өздөрүнүн чөнтөгүнө алышчу. Анан менчик компаниялар жолдорду салып бүткөн соң эксплуатацияга алардан дагы бир сыйра акча алып келишкен.
Биз бийликке келгенден кийин бардык тармактарды ревизия кылдык, текшердик. Ушундай чириген системаны көргөн соң, аны талкалап мамлекеттин пайдасы үчүн иштей турганын курууга кириштик. Ал үчүн жолдорду менчик компаниялар эмес Транспорт министрлиги өзү салсын дедик. Өздөрү салайын дешсе жарытылуу техникасы жок экен. Акыркы үч жылда жолдорду курууга жана оңдоого 700дөн ашык техника сатып алуу пландалып, 2022-2023-жылдары жалпысынан 297 техника өлкөгө жеткирилип, аймактарга бөлүнүп берилди. Дагы алабыз. Быйыл дагы 453 жаңы техниканын келиши күтүлүүдө.
Техникалык базасын чыңдап, жол сала турган адистерди таап ишти жолго койгуча бир топ убакыт кетти. Анткени жол салган мамлекеттик компаниялар жок болгондуктан мыкты адистердин бардыгы ар кайсыл жакка кетип калышкан да.
Былтыр гана өзүбүздүн күчүбүз менен жолдорду масштабдуу салууга киришишти. Анда деле адистердин тартыштыгынан мөөнөтүндө бүтүрүш үчүн салына турган жолдордун бир аз бөлүгүн менчик компанияларга берүүгө аргасыз болушууда. Ошого карабай жыйынтык, жылыштар бар.
Кыргызстанда жалпы 34 миң чакырым унаа жолу бар болсо, анын 19 миң чакырымга жакыны Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин балансында. Эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорду оңдоо, кармоо жана асфальт төшөө иштери министрликтин түз милдети.
2023-жылы 621 чакырымды асфальттоо каралып, иш ыргагын ыкчамдатуу менен 673 чакырымдан ашык жол жасалды. Асфальт-бетон заводдор облустарга орнотулду. Алдыда жети дубанда тең мындай заводдордун ачылышына аракеттер көрүлүүдө. 2021-жылы 230,4 чакырым, 2022-жылы 488,6 чакырым жолго асфальт жаткырылган. Ал эми 2023-жылы республика боюнча 673 чакырым жолго жаңы асфальт төшөлүп, план ашыгы менен аткарылды. Мындан тышкары, жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун оңдоодо жана салууда негизги курулуш материалы болгон битум былтыртан тарта өлкөгө ортомчусуз, ыңгайлуу баада, өндүрүүчүлөрдөн түз алынып келинүүдө.
Асфальт төшөөгө бөлүнчү каражатты көбөйткөн жокпуз. Бул жогоруда айткандай жолдорду өз күчүбүз менен сала баштагандын акыбети. Албетте, сапаты жагынан бир аз кемчиликтер болууда. Көч бара-бара түзөлөт дегендей транспортчуларбыз сапатка чыга баштайт. 3-5 жыл керектелет менимче. Менчик компанияларга карата көз карандылыкты жоюу жана үзгүлтүксүз өз убагында камсыз кылуу максатында 2023-жылдын мартынан тарта министрлик жол белгилерин өзү чыгара баштады.
Бишкекте деле ушул сыяктуу көрүнүш. Мисалы, былтыр ордо калаадагы 18 көчөдө капиталдык оңдоо керек болсо бул көлөмдү «Бишкек асфальт сервис» өзү өз мөөнөтүндө аткара албасына көзү жетип кошумча 15 менчик компанияга көчөдөгү ремонт иштерин бөлүштүрүп бериптир. Алардын алтоосунун жасаган иштеринде кемчиликтер табылып, азыр кайра өз каражатына оңдошот. Ошондой эле алар «кара тизмеге» кирип экинчи мындай иштерге жолотулбайт», — деди ал.













