Жекшемби, 14.08.2022
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СуперТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ДАГЫ
      • ЖУБАЙЛАР ШОУ
      • ЖҮРӨК СЫРЫ
      • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
      • СПОРТ
      • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
      • АР ТҮРКҮН
      • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
      • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • МУЗЫКА
    • АУДИОКЛИПТЕР
    • ВИДЕОКЛИПТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СуперТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ДАГЫ
      • ЖУБАЙЛАР ШОУ
      • ЖҮРӨК СЫРЫ
      • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
      • СПОРТ
      • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
      • АР ТҮРКҮН
      • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
      • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • МУЗЫКА
    • АУДИОКЛИПТЕР
    • ВИДЕОКЛИПТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесине катышты

11:38 25.10.2021
0
Президент Садыр Жапаров мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесине катышты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-октябрда чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракесин белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Төмөндө мамлекет башчысынын сөзү:

“Бүгүн биз сиздер менен мааниси терең датада жолугушуп отурабыз. Башкача айтканда, улуу тарыхый инсандарыбыздын бири, мамлекеттик, коомдук жана саясий ишмер Исках Раззаковдун туулгандыгынын 110 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Тээ байыртадан бери эле биздин ата-бабаларыбыз тарыхы терең, санжырасы кенен, байыркы улуу кыргыз элибиздин мамлекет болуп түптөлүшү, калыптанышы, өсүп-өнүгүшү үчүн күрөшүп келишкен. Өз эл-жерин сүйгөн, ага кан-жанын аябай өлбөс-өчпөс из калтырган ата-бабаларыбыздын ат көтөргүс иштеринин аркасында бүгүнкү эгемен Кыргызстанда жашап жатабыз.

“Өткөндөр баркталмайын, тирүүлөр даңкталбайт” дегендей, өтмүшүбүздү так билип, биз үчүн эл-жерин сактап, мамлекет түптөп кеткен ата-бабаларыбызды бүгүнкүдөй эскерип турбасак, тарых бизди кечирбес. Алар бизге аманат кылган мурастарын көздүн карегиндей сактап, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү биздин ыйык парзыбыз болууга тийиш. Элибиз журт башына келе турган адамдын эң алгач эле таза, калыс, адилет болушун тилейт. Ошондон улам эл арасына Исхак Раззаковдун “Мен таза болсом, сен таза болсоң, коом да таза болот” деген асыл кеби суудай сиңип, башкы үлгүгө айланып кетти. Анын таасын, таамай айткан бул сөзү бүгүнкү күндө дагы негизги урааныбыз болуп келет.

“Адам тагдыры менен кошо төрөлөт” деген кеп сыңары, Исхак Раззаков атабыз кичинесинен эле кыйынчылыктарга туш болуп, түгөнбөгөн түйшүк менен татаал жолду башынан кечиргени жалпыбызга маалым. Бирок жаштайынан чыйрак өсүп, Самарканддан, Москвадан билим алып, эмгек жолун Өзбекстандан баштап, бара-бара көптөгөн мамлекеттик кызматтын баскычтарын басып өтүп, 1945-жылы 35 жашында Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалган. Эч нерседен тайманбаган, көзгө тике карап, бетке айткан, көкүрөгү таза инсан Исхак Раззаков өз элин, өз жерин көтөрүүнүн жолдорун издеп, элибиздин билимдүү-илимдүү болушу үчүн зор эмгек жумшаган.

Республиканын маданий, агартуу жана илим тармактарынын өнүгүшүнө өзгөчө чоң салым кошкон. Кыргыз жаштарынын Россия мамлекетинин жогорку окуу жайларынан ар тараптуу билим алышын камсыздады. Анын аракети менен Кыргызстандын өзүндө жогорку окуу жайлар ачылып, кыйла жылдардан бери чечилбей келаткан кадр маселеси оңунан чечилген. Мектептерде окуучуларга ысык тамак уюштуруу маселеси ошол мезгилде эле каралган. Ошону менен бирге анын демилгеси менен айыл чарба техникаларын жасоочу завод, жип ийрүү, трикотаж, бут кийим фабрикалары сындуу бир катар өнөр жай ишканалары курулган. Облустарды байланыштыруучу жолдордун жана ошондой эле маданий жайлардын курулушу дагы колго алынган.

Ошентип Исхак Раззаковдун жөндөмдүүлүгүнүн жана иштин көзүн билген уюштуруучулугунун натыйжасында республиканын билим берүү, маданият, эл чарбасы, экономика, өндүрүш тармактары өнүгүү жолуна түшкөн. Исхак атабыз сөзгө чечендиги менен бирге айткан сөзүнө турган кыраакы жетекчи болгондугу дагы аңыз кепке айланган.

Ал кездерде – Улуу Ата Мекендик согуштан кийинки республикадагы оор абалды жолго салып өнүктүрүүдө алгач элдин атуулдук аң-сезимин ойготуп, алга жетелеш үчүн жалындуу сөздөрү менен кылган иши төп келиши керек эле. Мына ошондуктан, Исхак Раззаков бардык иш-чараларды кылдат пландаштырып, чарчадым-чаалыктым дебестен, күнү-түнү эмгектенип, жүргүзүлүп жаткан иштерди өзү барып, көз салып, кабар алып турган. Улуу инсандар жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги менен улуу болот эмеспи. Айткан сөзү менен кылган иши төп келишкен Исхак Раззаковдун жөнөкөй мүнөзү, адамдык сапаты анын кадыр-баркын ого бетер көтөргөн. Мындай ар тараптан өнүккөн, жан дүйнөсү таза, сөзү менен иши дал келген, мекенчил, залкар инсандар эл ичинде эч качан унутулбайт. Андыктан, Исхак Раззаковдун Ата Журт алдындагы опол тоодой эмгегин ар дайым эскерип туруу — биз үчүн ыйык парз. Өмүрү, баскан жолу кийинки муунга өрнөк болгон Исхак Раззаковдун 110 жылдык мааракеси кут болсун! Бар болуңуздар!”.

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

«Милдетин аткара алган жок». Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду

«Милдетин аткара алган жок». Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Автор СЕРЕП МЕДИА
17:07 05.08.2022
0

Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Бул Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Маалыматка...

Журналист Дайырбек Орунбеков президенттин басма сөз кызматына жетекчи болуп дайындалды

Журналист Дайырбек Орунбеков президенттин басма сөз кызматына жетекчи болуп дайындалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
13:21 03.08.2022
0

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Дайырбек Орунбеков Тейишович Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды....

Эдил Байсалов: «Кыргызстан “Кумтөрдү” өткөрүп берүү процессинин биротоло аяктаганын жарыялады»

Эдил Байсалов: «Кыргызстан “Кумтөрдү” өткөрүп берүү процессинин биротоло аяктаганын жарыялады»

Автор СЕРЕП МЕДИА
18:12 29.07.2022
0

Бүгүн, 29-июль күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Твиттер баракчасына "Саат 17:00дө өтө маанилүү билдирүү жарыяланат" деп бүйүрдү...

Атыр Абдрахматова: «УКМКда үчүнчү өлүм болгону ачыкталып, муну Камчыбек Ташиев да тастыктады»

Атыр Абдрахматова: «УКМКда үчүнчү өлүм болгону ачыкталып, муну Камчыбек Ташиев да тастыктады»

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:18 28.07.2022
0

"УКМКда үчүнчү өлүм болгону ачыкталып, муну Камчыбек Ташиев да тастыктаган". Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Саясий коктейль" берүүсүндө маек берип...

Атыр Абдрахматова: «Реалдуу ишти көрсөтүү үчүн Акыйкатчы институтунун макамын күчөтүү керек»

Атыр Абдрахматова: «Реалдуу ишти көрсөтүү үчүн Акыйкатчы институтунун макамын күчөтүү керек»

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:53 28.07.2022
0

"Реалдуу ишти көрсөтүү үчүн Акыйкатчы институтунун макамын күчөтүү керек". Бул тууралуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова "Саясий коктейль" берүүсүндө маек берип жатып...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Темирлан Султанбеков Раиса Атамбаеванын 5 күндөн бери ооруканада жатканын айтты

Темирлан Султанбеков Раиса Атамбаеванын 5 күндөн бери ооруканада жатканын айтты

12:05 13.08.2022
Бишкектеги ок атышууда 38 жаштагы жарандын жаракат алышы. Милиция шектүүлөрдү издеп жатат

Бишкектеги ок атышууда 38 жаштагы жарандын жаракат алышы. Милиция шектүүлөрдү издеп жатат

15:14 13.08.2022
Өздөрүн жол тескөөчү катары көрсөтүп, жолдогу унааларды тосуп жаткан жигиттердин видеосу тарады

Өздөрүн жол тескөөчү катары көрсөтүп, жолдогу унааларды тосуп жаткан жигиттердин видеосу тарады

11:43 13.08.2022
Улуттук тарых музейине алтынга ширетилген комуз тапшырылды (сүрөт)

Улуттук тарых музейине алтынга ширетилген комуз тапшырылды (сүрөт)

11:29 14.08.2022
Денис Петрашов Ислам оюндарында 3-орунду ээледи

Денис Петрашов Ислам оюндарында 3-орунду ээледи

11:22 14.08.2022
Амантур Исмаилов Ислам шериктештик оюндарында күмүш медаль тагынды

Амантур Исмаилов Ислам шериктештик оюндарында күмүш медаль тагынды

22:59 13.08.2022

АРХИВ

Август 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
« Июл    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СУПЕР ТВ, информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Куренкеев көчөсү, 180.

Кеӊсе
+996 (312) 88-29-00
+996 (770) 88-29-00
info@supertv.kg

Реклама бөлүмү
+996 (312) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@supertv.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СуперТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • МУЗЫКА
    • АУДИОКЛИПТЕР
    • ВИДЕОКЛИПТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2022 SuperTV. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү