Президент Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухито жана императрица Масако менен жолугушту.
Император жана императрица Кыргызстандын президенти жана биринчи айымы менен саламдашып жатып, Садыр Жапаровдун Японияга болгон сапары кыргыз-япон эки тараптуу мамилелеринин бүтүндөй комплексине оң таасирин тийгизет деген үмүтүн билдиришти. Садыр Жапаров алардын меймандостугуна ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстан үчүн өзүнүн бай тарыхый салты жана байыркы маданияты менен достук мамиледеги өлкө экендигин белгиледи.
Президент императорго терең урмат-сыйын билдирип, «РЭЙВА» жаңы доорунда түбөлүк гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады. Андан кийин президент Садыр Жапаровдун жана анын жубайы Айгүл Жапарованын урматына император Нарухито менен императрица Масаконун атынан кабыл алуу болду.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-декабрда Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ак-Сай айылындагы жаңы мектептин ачылыш аземине катышты. Ошол эле...
Садыр Жапаров 11-12-декабрда жумуш сапары менен Баткен облусуна барат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Мамлекет башчысы бир катар жаңы объекттердин...
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бирок экөө эмне тууралуу сүйлөшкөнү жөнүндө маалымат...
Темирболот Абыкеев Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун акими болуп дайындалды. Ал мурдагы ээлеген кызматынан бошотулуп, президенттин тескемеси менен аким болду....
Бүгүн, 7-декабрда депутат Шайлообек Атазов спортчулардын күнүмдүк тамак-ашына бөлүнүүчү каражаттын суммасын көбөйтүү маселесин көтөрдү. Эл өкүлү өлкөнүн спортчулары дүйнөлүк чемпионаттарда...