Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.
Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:
— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
— Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;
— Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат.











