Садыр Жапаров Орусиянын Санкт-Петербург шаарына учуп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышуучу-мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн иш сапары менен Санкт-Петербург шаарына учуп кетти.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында:

— тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;

— Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев;

— Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Гульнара-Клара Самат.