Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» партиясынын курамынан чыгарын билдирди

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 4-февралдагы жыйынында депутат Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» партиясынан чыгарын билдирди.

«Ата Мекен» партиясынын катарынан бүгүн чыгып жатам. Ал эми депутаттык ишимди жана фракциядагы иштеримди жүргүзө берем», — деп билдирди Нышанов өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, Сайдулла Нышанов «Ата Мекен» социалисттик партиясынын тизмеси менен алгач 2012–жылы бешинчи чакырылышка, 2015-жылы азыркы алтынчы чакырылышка депутат болуп келген.