«Германиядагы бизнес форумга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун келип катышканы — ишкерлерге ишеним берип, форумдун статусун көтөрдү». Бул тууралуу Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.
Кечээ, 8-ноябрда Германиянын Гамбург шаарында кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи отуруму жана “Кыргызстандын экономика күнү” бизнес-форуму өттү. Ага Кыргыз Республикасынын жана Германиянын бизнес-коомчулугунун 200гө жакын өкүлдөрү катышты.
Кыргыз-Герман ишкерлер кеңеши 2022-жылдын март айында түзүлгөн. Ишкерлер кеңешинин биринчи отуруму 2022-жылдын 13-июнунда Бишкек шаарында өткөн. Экинчи кеңешме 2023-жылдын 8-ноябрында Гамбург шаарында өттү.