Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Ниязбеков Улан Омокановичке «милициянын генерал-полковниги» жогорку атайын наамы, Шабданбеков Жумгалбек Кумаровичке «генерал-лейтенант» жогорку аскердик наамы, ошондой эле Намазов Акылбек Закировичке, Шадыбеков Уранбек Амановичке, Отонбаев Тариэль Зарылбековичке, Шаршеев Талайбек Имашовичке, Талипов Талантбек Медербековичке, Эрбаев Алишер Ташбаевичке «генерал-майор» жогорку аскердик наамы жана Бектурганов Малик Маамыталиевичке «юстициянын генерал-майору» атайын наамы ыйгарылды.
Президент үч жашка чейинки балдар үчүн жаңы мамлекеттик жөлөкпул киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койду
Аялдардын эл аралык күнү — 8-марттын алдында президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки бардык балдарга бериле турган “Бала ырысы” деп...






