УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге генерал-лейтенант чини ыйгарылды. Бул тууралуу күч органдарындагы өздүк булактар билдирди.
Андан тышкары УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бекбосун Апсатаровго генерал-майор чини ыйгарылган. Ал эми ички иштер министри Уланбек Ниязбековго генерал-майор чини ыйгарылды.
Алдын ала маалыматка караганда, тиешелүү буйрукка кечээ, 22-февралда кол коюлган.