Кыргызстанда олимпиада оюндарын таанытып жүргөн 15 алдыңкы спортчуга Эл аралык олимпиада комитетинин стипендиясы берилип баштайт. Бул тууралуу комитеттен билдиришти.
2022-жылдын 1-майынан тартып 2024-жылдын 31-августуна чейин ар бир спортчу 500 доллар айлык алып баштайт.
Стипендия алган спортчулардын тизмеси:
Акжол Махмудов — грек-рим күрөшү;
Жоламан Шаршенбеков — грек-рим күрөшү;
Алибек Осмонов — эркин күрөш;
Бекболот Мырзаназар уулу — эркин күрөш;
Эрназар Акматалиев — эркин күрөш;
Айсулуу Тыныбекова — аялдар арасындагы күрөш;
Мээрим Жуманазарова — аялдар арасындагы күрөш;
Айпери Медет кызы — аялдар арасындагы күрөш;
Кальмира Билимбекова — аялдар арасындагы күрөш;
Владимир Золоев — дзюдо;
Нурсултан Кенешбеков — жеңил атлетика;
Гульшаной Сатарова — жеңил атлетика;
Денис Петрашов — сууда сүзүү;
Бекдөөлөт Расулбеков — оор атлетика;
Нурадин Рустамбек уулу — бокс.