Айсулуу Тыныбекова 2022-жылы Сербияда өткөн дүйнөлүк чемпиондукта көрсөткөн оюнунан кийин дүйнөлүк рейтингде 1-орунду сактап калды.
Белграддагы турнирде кыргызстандык 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, жарым финалга чыккан. Жыйынтыктоочу протоколдо Тыныбекова 5-орунга ээ болуп, бул үчүн 25 миң упай алды.
Азыр Тыныбекова 119 миң 400 упайга ээ болуп, жаңыланган дүйнөлүк рейтингде 1-орунда турат.