Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын эки спортчусу “Жылдын мыкты балбаны” наамы үчүн ат салышууда.
Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) боюнча талапкерлердин тизмесине учурдагы 5 дүйнө чемпиону кирди. Кыргызстандыктардын атаандаштары Луис Орта Санчес (Куба), Амин Мирзазаде (Иран) жана Лери Абуладзе (Грузия) болду.
2022-жылы Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча эң мыкты балбан болгон. UWW социалдык тармактарындагы комментарийлерде добуш берсеңиз болот.
Посмотреть эту публикацию в Instagram