Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет Дүйнө чемпиону болду. Дүйнө чемпиондугу Норвегияда өтүп жатат.
62 килограммга чейинки салмактагы учурдагы дүйнө чемпионунун беттештери 4-октябрда башталган. Ал Япония, Беларусь жана Украинанын спортчуларын катары менен жеңип, финалга чыккан.
5-октябрда алтын үчүн болгон кармашта Тыныбекова килем үстүндө америкалык Кайла Миракл менен кез келди. Кыргызстандык 7:0 эсеби менен жеңишке жетип, 2019-жылы Нур-Султанда алган чемпиондук титулун коргоду.
Бул Кыргызстан үчүн үчүнчү медаль болуп калды. Буга чейин Алибек Осмонов коло медалга ээ болсо, Эрназар Акматалиев күмүш медалдын ээси болгон.