Азия чемпионаты: Грек-рим күрөшү боюнча курама команда (U-17) 1-орунду ээледи. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.
Грек-рим күрөшү боюнча (17 жашка чейинкилер арасында) Кыргызстан курама командасы командалык эсепте 1-орунду ээледи.
Күрөш боюнча Азия чемпионаты 19-июнда старт алып, жалпы 10 комплект медаль ойнотулду. Кыргызстан жалпы 7 медаль жеңди, анын ичинен 4 алтын, 1 күмүш жана 2 коло.