Бишкектин четинде курулуп жаткан «Бишкек-Арена» жаңы футбол стадиону буга чейин 45 миң көрүүчүгө каралган болчу. Бирок Азия футбол конфедерациясынын шарттарына ылайык, курулуш долбоору 51 миң кишилик сыйымдуулукка ылайыкташып курулуп жатат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
«Азия Кубогунун ачылыш аземи менен старттык беттешти жана финалдык оюнду кабыл алуу үчүн стадион кеминде 50 миң кишилик сыйымдуулукка ээ болушу керек. Андыктан, аталган стадиондо жакынкы келечекте Азия биринчилигин оюндарын кабыл алуу үчүн курулуш долбооруна тиешелүү толуктоолор киргизилип, жаңы стадион эми 51 миң көрүчүүгө ылайыкталат. Курулуш иши долбоор алкагында жүргүзүлүп, бул толуктоолорду ишке ашыруу кыйынчылыкты жаратпайт», — деп жазылат билдирүүдө.
Жаңы стадиондун курулушу 2026-жылдын күз айында аяктайт.