Бүгүн, 8-июнда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда Футбол боюнча улуттук курама команданын «Азия-2023» Кубогуна чыгуу үчүн тандоо матчына байланыштуу Бишкекте айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу билдирди.
Жабык көчөлөрдү эске алып, айдоочулар эртерээк маршруттук кыймылды пландап, башка кошумча жолдор менен жүрүп туруу эскертилди. Оюн учурунда милициянын кайгуул кызматы жана башка укук коргоо органдары коомдук коопсуздукту камсыздап турушат.
Саат 16:00дөн тартып, 23:00гө чейин төмөнкү айрым көчөлөр жабылат:
- Тоголок Молдо көчөсү түндүктү көздөй Чүй көчөсүнөн тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;
- Фрунзе көчөсү күн чыгышты көздөй Исанов көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.