Кечээ, 8-сентябрда Казакстандын борбору Астана шаарында V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү. Ага президент Садыр Жапаров, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов жана бир катар өлкөнүн башчылары катышты.
V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында 89 өлкөнүн 3 миңге жакын спортчу катышса, 21 спорттун түрүнөн 97 медаль топтому ойнотулат. Аталган оюндарда өлкө намысын спорттун 18 түрүнөн 183 спортчу коргойт. 8-сентябрда башталган иш-чара 13-сентябрь күну жыйынтыкталат.