Учурда Европанын бир катар шаарларында Европанын футбол боюнча чемпиондугу өтүүдө. 19 күндөн бери уланып жаткан турнирдин чейрек финалына төмөндөгү курама командалар чыкты:
Бельгия — Италия (2-июль);
Швейцария — Испания (2-июль);
Украина — Англия (3-июль);
Чехия — Дания (3-июль).
Европанын футбол боюнча чемпионаты былтыр жайында өтмөк, бирок коронавируска байланыштуу 2021-жылга жылдырылган.