Ушул жылдын 8, 11 жана 14-июнь күндөрү, тандоо турниринин топтук айлампасы өтөт. Чоң футбол Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.
Кыргызстандын улуттук курама командасы F тайпасында Тажикстан, Мьянма жана Сингапур командалары менен беттешет.
Азия кубогу-2023 тандоо турунун оюндарынын жүгүртмөсү:
8-июнь:
• Кыргызстан — Сингапур
• Тажикстан — Мьянма
11-июнь:
• Сингапур — Тажикстан
• Мьянма — Кыргызстан
14-июнь:
• Кыргызстан — Тажикстан
• Мьянма — Сингапур