Кечээ, 9-январда Кыргызстандын футбол боюнча U-20 жаштар курама командасы Испаниянын Аликанте шаарында өтүп жаткан окуу машыгуу жыйыны алкагындагы алгачкы контролдук беттешин өткөрдү. Беттешке Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев барды. Бул тууралуу «Регион» каналынын директору Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына жазды.
Оюн испандык «Картахена» клубуна каршы өттү. Кыргыз курама командасы каршылаштырын 5:0 эсеби менен жеңген. Оюндан соң Камчыбек Ташиев футболчуларга жолугуп, команданын Азия Кубогуна даярдыгы мыкты экендигин белгилеген.