Бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 8 медаль жеңди. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. Маалыматка караганда, эл аралык мелдеш 8-13-июнь күндөрү Актөбе шаарында (Казакстан) өткөн. Анда жаш боксчулар 3 алтын, 2 күмүш, 3 коло медалга ээ болушкан.
Байге ээлеринин тизмеси:
- 1-орун – Бекзат Эргешов (46 килограммга чейин), Алмаз Орозбеков (60 килограммга чейин), Мухаммадазиз Закиров (70 килограммга чейин);
- 2-орун – Ислам Имамидинов (54 килограммга чейин), Вадим Баурин (66 килограммга чейин),
- 3-орун – Баястан Токтосунов (50 килограммга чейин), Бактыбек уулу Бексултан (52 килограммга чейин), Атай Асанбеков (75 килограммга чейин).