Былтыр, 2024-жылдын 19-февралында Кыргыз футбол биримдигине Камчыбек Ташиев президент болуп дайындалган. Бүгүн туура бир жыл болду, бул убакыт аралыгында эмне жумуштар аткарылды, бир жыл кандай өттү эскере кетели.
КФБге жаңы жетекчи болгон күнү Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп: «Биздин иш-аракеттерибиз заматта жемишин бербей турганын түшүнүү зарыл. Убакыт керек. Алдыбызда кадр маселеси турат. Машыктыруучулар менен калыстар жана футболдогу башка адистердин квалификациясын жогорулатуу үчүн көптөгөн иш-аракет жасоого милдетүүбүз. Өлкөнүн бардык райондорунда техникалык базаны бекемдөө боюнча иштер күчөтүлүп, стадион менен машыгуу борборлорун куруу жана реконструкциялоо боюнча иштер жүрөт. Жаңы президент катары менин милдетим — биздин ишмердүүлүккө керектүү шарттарды камсыз кылуу. Биздин мойнубузда чоң жоопкерчилик жана милдеттер бар», — деген.
Ал арада Бишкектин четинде 51 миң көрүүчүгө ылайыкталып, «Бишкек-Арена» стадиону курулуп баштаса, Жалал-Абад шаарында «Барселона» футбол академиясына ачылды. Кыргыз футбол биримдигинин Улуттук футбол академиясы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин аймагында жаңыдан курулган эки футболдук оюн аянтчасы колдонууга берди.
Камчыбек Ташиев 2026-жылкы Азия зонасында Дүйнө чемпиондугу жана Азия Кубогунун айкалышкан тандап алуу раунддарында кээде президент Садыр Жапаров барса, айрым учурда кызы Сумаяны ээрчитип барып жүрдү.
Камчыбек Ташиевдин жаш футболчулар менен ымаласы да айрым учурда интернетте жайылып жатты. Алардын биринде спортчу балдар торт көтөрүп Камчыбек Ташиевди жылуу маанайда өздүк майрамы менен куттукташса, кээде КФБнин жетекчиси Испанияга чейин барып жаштарды колдоп сүрөдү. Машыгуулардан кийин оюнчуларга өзү Кыргызстандан ала барган чучукту кесип бергени да айтылды.
Кыргыз футбол биримдиги да видео жарыялады.