Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Абай Бөкөлеев Кыргызстанга учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол союзунан билдиришти.
«Кечээ, 12-июнда курама команданын чабуулчусу Абай Бөкөлеевдин атасы көз жумду. Буга байланыштуу оюнчу биринчи рейс менен үйүнө учуп кетти. Биз орду толгус жоготуунун азап-кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп жазылат билдирүүдө.
Мьянма менен болгон беттеште Бөкөлеев талаага биринчи курамда кирип, улуттук курама команданын дебюттук голун киргизген.