Суучул Денис Петрашов АКШдагы мелдеште 2-орунду ээледи

Кыргыз Республикасынын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов АКШда өткөн TYR PRO SERIES эл аралык мелдешинде 100 брасс дистанциясында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 12-апрель күнү башталган, эртең 15-апрель күнү жыйынтыкталат. Аталган мелдешти жеңген спортчулар 1-5-август күндөрү Калифорния штатында өтө турган “Филипс 66” эл аралык командалык мелдештерине катышуу үчүн квалификациялык жолдомо алат.