Португалиянын футбол боюнча курама командасы УЕФА Улуттар Лигасынын финалдык оюнунда Испания курама командасын жеңип, экинчи ирет бул турнирдин чемпиону болду.
Оюн Мюнхенде өтүп, Португалиянын командасынан Нуну Мендеш (26-мүнөт) жана Криштиану Роналду (61-мүнөт) гол киргизишти.
Испания курама командасынан Мартин Субименди (21-мүнөт) жана Микель Оярсабаль (45-мүнөт) гол киргизишти.
Негизги жана кошумча убакытта оюн 2:2 эсеби менен жыйынтыкталды. Андан кийин пенальтилер сериясы болду, анда португалиялыктар атаандаштарын 5:3 эсебинде жеңишти.
Португалиянын футбол боюнча улуттук курама командасы 2019-жылы да бул турнирдин чемпиону болгон. Аталган команда Улуттар Лигасында биринчи жолу эки жолку чемпион аталды. УЕФА Улуттар Лигасы 2018-жылы түзүлгөн.