Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Олимпиадалык курама командасы 23-марта Үч улуттун Кубогу мелдешинде алгачкы оюнун өткөрдү. Беттеш Катманду шаарынын «Дасаратх Рангасала» стадионунда өттү.
Кыргыз футболчулары Бангладешке каршы ойношту.
Беттештеги жалгыз гол 30-мүнөттө кирди. Кумарбай уулу Баяман оң жактан чыгарылган топту өз дарбазасына киргизип алды. Экинчи бөлүктө эсеп өзгөргөн жок. Оюндун жыйынтыгында Кыргызстан 0:1 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.
Олимпиадалык курама команда кийинки беттешин 25-мартта Непалга каршы өткөрөт.