«2 миллион көрүүчү». Леди Гага Бразилияда рекорд жаратты (видео)

Рио-де-Жанейродогу Копакабана жээгинде ырчы Леди Гага акысыз шоу өткөрдү. Бул ырчынын карьерасындагы эң чоң шоу болуп калды.

Концерт Леди Гаганын дүйнөлүк турнесинин бир бөлүгү болуп, анын чыгымы толугу менен шаардык бюджеттин эсебинен төлөндү. Бийлик бул иш-чара туристтердин агымынан улам Риого 100 миллион доллардан ашык киреше алып келерин күтүүдө. Эки саатка созулган концертте хит болгон ырлар да, жаңы чыгармалар да аткарылды. Иш-чаранын соңунда дрондор менен «Рахмат, Бразилия» деген жазуу чыкты. 

Мындай масштабдуу иш-чарада жергиликтүү укук коргоо органдары теракт даярдап жаткан эки адам кармалганын кабарлады.