Нью-Йоркто жүздөгөн адамды Pfizer жана BioNTech тарабынан иштелип чыккан коронавируска каршы вакцина менен эмдөөдөн өткөрүшкөн. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазып чыкты.
Бейтаптарга окуя тууралуу Таймс-сквердеги эмдөө пунктунун оператору Давид Савицкий маалымдаган. Ал эмдөөдөн өткөн 899 адамга электрондук кат жөнөткөн. Вакцина бейтаптарга сайылгандан кийин гана муздаткычта туруу мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган. Адис мындай эмдөө адамдардын ден соолугуна зыяны жоктугун билдирип, вакцина алгандарга кайрадан эмдөөдөн өтүүнү сунуштаган.











