Ооганстанда тынчтык жараяны уланып жатканда, кол салуулар уланууда. Өлкөнүн Пактия провинциясындагы бомба чабуулунан 5 адам каза болуп, 4 жаран жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Жолго коюлган бомба тургундарды ташыган унаа өтүп бара жатканда жарылган. Пактия губернаторунун басма сөз катчысынын билдирүүсүнө ылайык, кол салуудан 5 жаран каза болуп, 4 жаран жаракат алганын жарыялады. Каза болгондордун баары бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү жана алар коңшу айылга тажияга бара жатышкан. “Азырынча кол салуу боюнча эч ким жоопкерчилик ала элек. Ал эми чабуулдар уланууда. Май айынын башынан бери Ооганстанда чет элдик күчтөрдүн чыгып кетиши менен зомбулук көбөйдү. Өлкөдөгү тынчтык жараяны белгисиз болуп турганда, Ооганстандын Улуттук коопсуздук кеңеши май айында Талибан 1455 кол салган деп жарыялады. Бирок бул жерде карапайым жарандар эң көп жапа чекти”, — деп берилген маалыматта.







