Америка Кошмо Штаттарында акыркы 15 жылдан бери биринчи жолу өлүм жазасына тартылган жарандын өкүмү атуу менен аткарылды. Бул тууралуу Түштүк Каролинанын Жаза аткаруу департаменти X социалдык тармагында билдирди.
«Брэд Кит Сигмонду бүгүн, 7-мартта саат 18:05те атышты. Дарыгер 18:08де каза болгонун тастыктады», — деп айтылат маалыматта.
Өлүм жазасына тартылган адам 2001-жылы 67 жашта болчу. Ал мурдагы дос кызынын ата-энесин өлтүрүүгө айыпталган. Жактоочулардын айтымында, Сигмон өзү атуу менен жазалоо ыкмасын тандап алган. Соттолгон электр отургучтан же өлүмгө алып келген инъекциядан баш тарткан.