АКШнын батышында ысык аба ырайы рекорддук деңгээлге жетип, кургакчылык коркунучун тереңдетти. Бул тууралуу ТРТ жазып чыкты.
Өлкөнүн батышынын жарымы кургакчылыктан таасирленгендиги, чукул түрдө чаралар көрүлбөсө суу тартыштыгынын дагы чоң маселе жаратары белгиленди. АКШнын Кургакчылыкты иликтөө боюнча USDM мониторингинин маалыматтарына караганда, өлкөнүн 38 пайыздык бөлүгү кургакчылыкка дуушар болууда. Кургакчылыктан 300 миллион гектарга жакын аянт зыян тартып жатканы жарыяланды. Суу тартыштыгынан түз же кыйыр түрдө жапа чеккен кишинин саны 94 миллиондон ашуун. Ысык аба толкуну менен кургакчылык шарттарынын биригиши дарыялардын жана суу булактарынын дагы көп кургашына, суу сактагычтардагы суунун деңгээлинин төмөндөшүнө себеп болду.
АКШнын эң ири суу резерви Мид көлүндө ушул кезге чейинки эң төмөнкү деңгээлге жетти. Акыркы бир жылдын ичиндеги жаан-чачындын азайышы менен бирге глобалдык климаттык алмашуу да кургакчылыкка таасирин тийгизүүдө.