Алматы аэропортунда барымтадагы адамды куткарып калган казакстандык Муса Абдраим куткарылган кыз менен жолугушту. Бул тууралуу «Тенгри» жазды.
«Бүгүн карындашым менен жолугуп келдим. Баары жакшы», — деп жазган ал.
Маалым болгондой, кыздын атасы аны менен байланышып, конокко чакырган. Аэропорттун Ботагөз аттуу кызматкери кичинекей кызын тарбиялайт.
7-мартта Алматы шаарындагы аэропортто белгисиз жаран андан паспорт сураган кызматкер кызды барымтага алган видео тараган. Көп өтпөй кыздын ордуна өзүн барымтага алууну өтүнүп, андан соң полиция кызматкерлерине кылмышкерди кармашкан жарандын видеосу чыккан. Кийин аталган жаран Муса Абдраим экени аныкталып, ага «Эрдиги үчүн» сыйлыгын тапшыруу боюнча буйрукка Казакстандын президенти кол койгон. 8-мартта президенттин атынан Муса Абдраимге «Эрдиги үчүн» медалы жана акчалай сыйлык тапшырылган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram