Аргентина шаарга тездик менен жакындап келе жаткан чоң токой өртү менен күрөшүп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
Маалыматка караганда, 9-октябрда Улисес Ксарате аттуу 27 жаштагы жергиликтүү тургун токойдо кофе жасоо үчүн от жагып, күйгүзүп, бирок жалынды башкара албай калган. Ал кармалды. Өрттүн бат жайылуусуна ысык аба ырайы жана катуу шамал да себепчи болгон. Учурда 1000дей өрт өчүрүүчү өрт менен күрөшүүдө.
Кордова провинциясында ондогон адамдар тилсиз жоодон улам эвакуацияланды. Тилсиз жоонун канча үйдү жалмаганы тууралуу маалымат азырынча белгисиз.







