АКШнын Индиана штатынын тургуну 33 жыл бою тырмагын кыркпай өстүрүп келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
59 жаштагы Корделия Адамс 1989-жылдан бери тырмагын өстүрүп келет. Ал апасынын тырмагы узун болгонун, чоңойгондо апасыныкындай узун кылып өстүрөм деп кыялданганын айткан. Узундугу 30 сантиметр болгон тырмагына туура кам көрүү үчүн Корделия тырмак боюнча мастерликке да окуган.
Узун тырмак кээде ыңгайсыздыктарды жаратарын Корделия жашырбайт. Колуна бир нерсе алса, тырмактары алаканына сайып баштайт, ал колунун учу менен эч нерсе жасай албайт. Телефон чукулаганда же идиш жууганда бармактарынын муундары менен кылат.
Корделия узун тырмактарынан улам ага көп көңүл буруларын жана ал нерсе ага жагарын айтат.









