Улуу Британиянын Ливерпуль университетинин адистери 279 аял арасында сурамжылоо жүргүзүп, залга барганда аларды эмне коркутарын сурашкан.
Сурамжылоодо айымдар жашына же денесинин өзгөчөлүгүнө байланыштуу жаман көрүнөм деп коркушаарын айтышкан. Андан сырткары фитнеске кийим тандоо негизги маселелерден экендиги аныкталган. Ал эми залга дайыма барган 48 пайыз кыздардын жүрөгүн тердөө түйшөлтөөрүн моюнга алышкан.