Лабубу оюнчуктары 2019-жылдан бери сатылып келет. Лабубу алгач Голландияда чоңойгон гонконгдук сүрөтчү Касинг Лунг тарабынан түзүлгөн каарман. Ал скандинавиялык фольклорго жана мифологияга бала кезинен таасирленген Лунгдун «Желмогуздар» кыска аңгемелеринин бир бөлүгү.
Лабубу биринчи жолу 2015-жылы How2Work тарабынан чыгарылган Monsters фигуралары менен бирге жарык көргөн.
Оюнчук 2019-жылы Pop Mart соода борборлору менен кызматташкандан кийин белгилүү болгон. Бул өнөктөштүк коллекционерлердин арасында Лабубунун популярдуулугун арттырган.
Лабубу сюрприз кутуларда сатылат, сатып алып жаткан адам кутунун ичинде кандай түстөгү Лабубу бар экенин билбейт. Бул жагдай Лабунун массалык түрдө сатылышына шарт түзөт, анткени аны коллекция кылгысы келген адамдар аларга керектүү өңдөгү жана сериядагы оюнчук чыкмайынча аны сатып ала берүүгө даяр.
Оюнчуктун популярдуулукка жеткенин дагы бир себеби 2024-жылдын апрель айында «Blackpink»тин мүчөсү Лиза сумкасына Лабубу брелок тагып алган. Мындан улам оюнчукка болгон кызыгуулар күчөп, ал дүйнө жүзү боюнча сатыла баштаган.
Оригинал Лабубунун баасы 2000 сомдон өйдө турат жана алар Pop Mart расмий дүкөдөрүндө сатылат.