Британ бийлиги өлкөнүн тургундары үчүн чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну августка чейин узартат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өкмөт 12-апрелде башка өлкөлөр менен байланышты калыбына келтирүү күнүн жарыялоого убада берген. Бул 17-май болушу керек болчу. Бирок акыркы апталарда бийлик жай мезгилинде чет өлкөгө эс алууну пландаштырууга эрте деп билдире баштады.
Ошол эле учурда чек аралар ачылгандан кийин деле туристтик коридорлор тутумун киргизүү пландаштырылууда. Өлкөлөр жашыл, сары жана кызыл тизмелерге бөлүнөт.
Жашыл тизмедеги өлкөлөргө баргандан кийин карантин талап кылынбайт. Сары тизмеге кирген өлкөлөргө саякаттагандар өзүн изоляция кылуу үчүн үйүнө кетиши мүмкүн. Кызыл тизмедеги өлкөлөрдөн чыккандар аэропорттордогу мейманканаларда өз каражаттарынын эсебинен эки жумалык карантинге калышы керек, ошондой эле жок дегенде 2 жолу коронавируска анализ тапшырышат.