«Кытай Пекиндин жанында Пентагондон 10 эсе чоң аскердик башкаруу борборун куруп жатат» деп жазды Financial Times америкалык чалгындоо кызматынын спутниктен тартылган сүрөттөрүнө таянып.
Financial Times’тын маалыматы боюнча, аскер борбору Пекинден 30 чакырым түштүк-батышта. 6 чарчы чакырымдан ашык аянтка курулган. Аскер эскперттеринин баамында ал жерге чептүү бункерлер жайгаштырылат. Аскер талдоочулар объектти «Бээжиндин аскердик шаары» деп аташты.
«Ал кандайдыр кырсык болгондо Кытайдын жогорку жетекчилигинин коопсуздугун камсыз кылуучу жай болот» деп жазат Financial Times.
Спутниктик маалыматтарга ылайык, курулуш 2024-жылдын ортосунда башталган. Учурда курулуш аянтында аскердик катышуусунун белгилери жок.