Флорида штатындагы Бока-Гранде жээгинде үрөй учурган окуя болду. Тогуз жаштагы Леха Ленделге акула кол салган.
Окуяга күбө болгондордун айтымында, үй-бүлө жээкке жакын жерде эс алып жаткан кезде капысынан кыздын кыйкырыгы угулган. Кыздын сол колун тиштеген.
The Guardian жазгандай, жардам сураган кыйкырыктарды башка эс алуучулар да угушкан – үч киши сууга секирип, акуланы айдап, сүлгү менен канды токтотушкан.
Кыз тик учак менен Тампа ооруканасына жеткирилген, ал жерде хирургдар анын колун сактап калуу үчүн алты саат бою күрөшүп, колун реимплантациялашкан, бутундагы артериялардын жардамы менен кан жүгүртүүнү калыбына келтирип, сөөктөрдү титан штиф менен бекитишкен.
Эки күндүн ичинде эле кыз манжаларын кыймылдата баштаган.