Гавайи аралдарындагы ири масштабдагы өрт кеминде 36 адамдын өмүрүн алып, Мауи аралындагы популярдуу туристтик Лахайна шаарынын көп бөлүгүн кыйратканын CNN бүгүн, 10-августта билдирди.
Гавайи губернатору Жош Гриндин айтымында, жүздөгөн үй-бүлөлөр үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Мауиден 11 миңден ашык адам, анын ичинде туристтер эвакуацияланды, дагы 1,5 миң киши чыгарылары күтүлүүдө. Аэропортко барчу жолдогу негизги трассанын жабылып калганы кырдаалды татаалдаткан, бирок азыр жолдор ачык.
Awful scenes in Maui.
Hospitals are overwhelmed with burn patients and people suffering from smoke inhalation. pic.twitter.com/0tlAjgXB3W
— Citizen Free Press (@CitizenFreePres) August 9, 2023