Америкалык миллиардер Илон Масктын уулу жынысын, аты-жөнүн да расмий түрдө алмаштырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Миллиардердин 18 жаштагы уулу Ксавье Маск аты-жөнүн Вивиан Женна Уилсон кылып өзгөрттү. «Каршылык жок болгонуна байланыштуу аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу сураныч канааттандырылды», — деп билдиришкен судьялар.
Буга чейин америкалык миллиардер, Tesla, SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Масктын уулу Ксавье жынысын өзгөртүү жана атасынын фамилиясынан баш тартуу боюнча сотко кайрылган.