Канаданын Жаңы Шотландия провинциясындагы токой өртү жандуулардын баарын жок кылып жатат. Миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышты.
29-майда Галифакстын 16 400 тургуну эвакуацияланган. Өлкөнүн батышында өрт уланып жаткандыктан Колумбияда да эвакуациялоо боюнча буйруктар чыгарылган. Жалпысынан провинцияда 6 ири токой өртү чыгып, алардын бири 788 гектар жерди каптаган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт кургакчылыктан чыккан.