Алматы шаардык соту «Mudarabah Capital» каржылык пирамидасын уюштурууга шектелип кармалган казакстандык вайнерлер Мейржан Туребаев менен Мейирхан Шерниязовдун бөгөт чарасын карап, эки айга узартты.
Буга чейин Нур-Султанда «Mudarabah Capital» каржы пирамидасына акча салган Багила Досмаилова өзүнө өрт койгон. Каржылык пирамиданы уюштурууга шектелип апрель айында эки вайнер камакка алынган.