Казакстан коронавирустун жайылуу ылдамдыгы боюнча «кызыл» аймакка кирди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, буга чейин Казакстандын «кызыл» аймагында Алматы, Нур-Султан шаарлары болгон. Ал эми Атырау жана Батыш Казакстан облустары, «сары» аймакта Алматы, Актөбө жана Караганда облустары, «жашыл» аймакта болчу. Бирок эми жалпысынан коронавирустун жайылуу ылдамдыгы боюнча өлкө «кызыл» аймакта деп эсептелинет.
Себеби өткөн айдын ортосунан бери Казаксттанда күн сайын коронавирус жуктурган миңден ашык жаңы учур катталууда. Акыркы күндөн көрсөткүч 1,5 миңден ашып да кеткен.
Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Казакстанда 243 318 кишиге коронавирус жугуп алган. Алардын 3029 у көз жумган.









